Чоң Чүй каналынан 5 жашар баланын жансыз денеси табылды

Чоң Чүй каналынан 5 жашар баланын жансыз денеси табылды

Чоң Чүй каналына чөккөн 5 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  бүгүн, 18-августта  ӨКМнын куткаруучулары баланын жансыз денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Белгилей кетсек, 10-август күнү Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсүндө ойноп жүргөн 5 жашар бала Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. 

Аны издөөгө ӨКМнын куткаруучулары тартылып, 8 күн күн издөө иштеринен кийин баланын жансыз денеси табылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай кырсыктарды алдын алуу үчүн ата-энелерди балдарын кароосуз калтырбоого чакырат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>