Асхат Осмонов мэрдин кеңешчилигинен кетти

Асхат Осмонов мэрдин кеңешчилигинен кетти

Асхат Осмонов Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси кызматынан кетет. Бул тууралуу өзү “Фейсбук” баракчасындагы түз эфир учурунда билдирди.

“Мен мэрдин кеңешчилигинен кетейин деп жатам. Кетүү чечимин кабыл алдым, ушул тууралуу достор силерге да кабарлап коюну туура көрдүм. Өзүнчө эле туруп-туруп кетип калдың деп эртең айтылбашы үчүн”, — дейт Осмонов.

Белгилей кетсек, Асхат Осмонов мэрге кеңешчи болуп октябрдагы баш аламандыктардан кийин дайындалган. Күздөгү бийлик алмашууда салым кошкон партиялардын бири “Чоң казаттын” активдүү мүчөсү.

Кеңешчи болуп иштеп турганда социалдык тармактагы кайрылууларын ката жазып коомчулуктун сынына кабылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>