«Чоң жети» өлкөлөрү Навальныйды тез арада бошотууга чакырышты

«Чоң жети» өлкөлөрү Навальныйды тез арада бошотууга чакырышты

«Чоң жети» (G7) өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана Европа биримдигинин (ЕБ) тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррель Орусия бийлигин Алексей Навальныйды жана 23-январдагы акцияларда кармалган жарандардын баарын «эч кандай шарттарсыз, тез арада» бошотууга чакырышты.

Министрлер Навальныйдын «саясий негиздер менен» кармалышын айыптап, орус бийлигин эл аралык милдеттенмелерин аткарууга жана адам укуктарын сактоого чакырышты.

«Навальный мырза Адам укуктары боюнча Европа соту 2017-жылы эле негизсиз деп тапкан айыптар боюнча камакта отурганы өтө өкүнүчтүү», — деп жазылган министрлердин биргелешкен билдирүүсүндө.

«Чоң жети» өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары менен ЕБ дипломатиясынын жетекчиси Орусия Химиялык куралга тыюу салуу тууралуу конвенцияга кошулганын эске салып, Москва Навальный «Новичок» заты менен уулангандан кийин кайра иликтөө жүргүзүп, «өлкө аймагында химиялык куралдын колдонулушун түшүндүрүшү керектигин» билдиришти.

23-январда Орусиянын ондогон шаарында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды абактан бошотууну талап кылган акциялар өткөн. Анын жүрүшүндө полиция орой түрдө күч колдонуп, катышуучуларды кармаган. «ОВД-Инфо» мониторинг борборунун маалыматы боюнча, ал күнү өлкө боюнча жалпысынан 3700дөн ашык киши кармалган.

«Чоң жети» уюмуна Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Жапония кирет. 2014-жылга чейин анын курамында Орусия да бар болчу. Крымды аннексиялап алгандан кийин бул өлкө уюмдан чыккан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>