Чукул кабар: Кар жаап, абанын температурасы кескин төмөндөйт – видео

Чукул кабар: Кар жаап, абанын температурасы кескин төмөндөйт – видео

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, 19-21-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Бүгүн, 19-ноябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. 

Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаап, зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>