Чыңгыз Айдарбеков эмне үчүн фамилиясын өзгөрткөн, анын аткезчилик менен кандай байланышы бар?

Чыңгыз Айдарбеков эмне үчүн фамилиясын өзгөрткөн, анын аткезчилик менен кандай байланышы бар?

Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков буга чейин Игембердиев фамилиясын алып жүргөн, бирок контрабандалык жаңжалдан улам аны өзгөрткөн. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк маалымат булактар билдирди.

Өздүк булак Айдарбеков-Игембердиев Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинде иштеп жүрүп, аткезчилик схемалар менен алектенгенин маалымдады.

Маалыматка ылайык, ал кызмат абалынан пайдаланып, спирт ичимдиктерин жана тамеки ташып келген. Андан кийин ал расмий түрдө бул өлкөдөн чыгарылган.

Дал ушул Ашхабаддан чыгарылгандан кийин дипломатиялык кызматкер өзүнүн жеке маалыматын өзгөртүп, Игембердиевдин ордуна Айдарбеков болуп, өзүнүн алыскы эне тарабындагы аталарынын атын алган.

Белгиле кетсек, Чыңгыз Айдарбеков президенттин кеңешчиси кызматына өткөн жылдын  октябрь айынын аягында дайындалып, кайра эле декабрдын башында бул кызматтан бошотулган. Айдарбеков 2018-жылдын октябрь айынан 2020-жылдын октябрь айына чейин Тышкы иштер министри кызматын аркалаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>