Чыңгыз Айдарбеков жана Сергей Лавров авиакаттамдарды жандандырууну талкуулашты

Чыңгыз Айдарбеков жана Сергей Лавров авиакаттамдарды жандандырууну талкуулашты

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун телефон аркылуу сүйлөшүүсү орун алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүдө эки өлкөнүн ортосундагы авиакаттамды жандандыруу тууралуу маселе козголгон.

 “Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары жана келечектери боюнча, анын ичинде, жакын арада Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда регулярдуу авиакаттамды жандандыруу тууралуу пикир алмашышты. 
Министр Чыңгыз Айдарбеков коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөтүп жаткан гуманитардык жардамдары, Кыргызстанда коронавирустун жайылуусунун активдүү фазасы мезгилинде баа жеткис практикалык жана консультативдик жардам көрсөткөн орусиялык дарыгерлерди жөнөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, региондук жана эл аралык саясат маселелери боюнча пикир алмашуу орун алган. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>