Чычкандан агып кеткен айымдын сөөгү табылды

Чычкандан агып кеткен айымдын сөөгү табылды

Ош-Бишкек жолундагы  Чычкан капчыгайынан достору менен эс алып жүрүп сууга агып кеткен айымдын сөөгү табылды. Бир айдан ашык убакыт издеп жүрүп сөөгүнүн табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарларды.

Адамдын сөөгү Бишкек-Ош жолундагы суудан табылган, учурда туугандарына берилген. 20-августтан бери суу бир аз тартылып калган.

Ушул жылдын 2-август күнү 1960-жылы туулган аял  Чычкан капчыгайынын Мрамор тилкесинен колун жууйм деп атып сууга кирип кетип, дайынсыз жоголгон. Анын жанында бир эркек, бир аял болгон. Алар агып кеткен шеригин кармоого үлгүрбөй калышкан. Окуя болоор замат тиешелүү органдарга кабар беришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>