Чүй: Лебединовкада «Алтын казына» рестораны өрттөнүп жатат (ВИДЕО)

Чүй: Лебединовкада «Алтын казына» рестораны  өрттөнүп жатат (ВИДЕО)

Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын Жеңиш көчөсүндөгү «Алтын-Казына» тойканасы өрттөнүп жатат. Бул туурасында маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.

Маалыматка караганда, ушул тапта 2 өрт өчүрүү тобу иштеп жатат. Кырсыктан жабыр тарткандар жок. Азырынча тилсиз жоонун келип чыгуу себептери тактала элек.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>