Чүйдө 6 ФАП, 2 мектеп, 2 спорт зал колдонууга берилди

Чүйдө 6 ФАП, 2 мектеп, 2 спорт зал колдонууга берилди

Чүй облусунда саламаттык сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармагында 12 объект колдонууга берилди. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү  жана  инвестициялоо агентствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт, Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланган “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Чүй облусунда 6 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) жана эки спорт зал эксплуатацияга берилди. Ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты оңдолуп, маданият үйү, 2 мектеп, бала бакча жана Кара-Балта дарыясындагы башкы курулуш ремонттолду.

Бардыгы болуп  2020-жылы саламаттык сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармагында 12 объект колдонууга берилген.

“Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Кемин  районунда 100 орундук бала бакча, 100 орундук башталгыч мектеп жана канализация системасын тазалоочу жай салынган.

Панфилов  районунда 2 канал ремонттолуп, 50 орундук 3 бала бакча жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулган.

Жайыл районунда 50 жана 100 орундуу 2 бала бакча салынып, реанимациялык бөлүмдүн кошумча имараты оңдолду, ошондой эле Бириккен аймактык оорукананын имаратынын кире бериши жана кабыл алуу бөлүмүнүн эстакадасы ремонттолду. Бул иштердин жыйынтыгында 40 000 жаран үчүн жакшыртылган социалдык инфраструктура жана ирригациялык система жеткиликтүү болгон.

Белгилей кетсек, “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет.

Долбоордун максаты – жакырчылыкты жоюу жана коомчулуктарда аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Долбоордун бюджети 11 млн. АКШ долларын түзөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>