Чүйдө өгөй ата 15 жашар кызды зоруктаганы айтылды

Чүйдө өгөй ата 15 жашар кызды зоруктаганы айтылды

Чүйдүн Сокулук районунда 35 жаштагы эркек киши жашы жете элек өгөй кызын зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

15-майда 40 жаштагы аял милицияга 2006-жылы туулган кызын күйөөсү зордуктаганын айтып, тийиштүү чара көрүү үчүн арыз жазган.

Маалым болгондой, арыз ээси күйөөсү менен 2012-жылдан бери жашап келе жатат, ал эми жабырлануучу кызы биринчи турмушунан болгон.

Шектүүгө кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Ал жубайы жалган-жалаа жабып жатканын билдирген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тийиштүү жумуштар аткарылып жатканы кабарланат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>