Чүйдө тоодо адашып кеткен индиялыктар табылды

Чүйдө тоодо адашып кеткен индиялыктар табылды

Чүйдө тоодо адашып кеткен индиялык жарандар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10 индиялык Кегети капчыгайындагы Көлтөр деген жерге эс алууга барып, жолдон адашып кеткен.

Куткаруучулар Токмок шаарынан 13-октябрда саат 22:30да жөнөп кетип, аларды саат 05:27де табышып, аман-эсен тийиштүү кызматкерлерге өткөрүп беришти. Абалдары жакшы. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>