COVID-19: Бир күндө 104 адамдан илдет табылып, 1 адам каза болду

COVID-19: Бир күндө 104 адамдан илдет табылып, 1 адам каза болду

Соңку суткада коронавирус 104 адамдан табылып, илдеттен бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда бир адам коронавирустан каза тапты.

Бир күндө илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 19
Ош — 8
Чүй облусу – 6
Ош облусу — 18
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 3
Жалал-Абад облусу – 10
Баткен облусу — 37

Алардын ичинде 2 медициналык кызматкер бар.

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 46355ке  жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  166 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 3 медицина кызматкери бар.

Муну менен сакайгандардын жалпы саны 42 619га жетти. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>