COVID-19: Бир күндө 158 адамдан илдет табылды

COVID-19: Бир күндө 158 адамдан илдет табылды

Соңку суткада коронавирус 158 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Илдет табылган адамдар төмөнкү аймактарда:
Бишкек — 22
Ош — 9
Чүй облусу – 12
Ош облусу — 22
Талас облусу — 2
Нарын облусу — 3
Ысык-Көл облусу – 11
Жалал-Абад облусу – 34
Баткен облусу — 43

Алардын ичинде 7 медициналык кызматкер бар.

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 46090го жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  155 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 2 медицина кызматкери бар.

Муну менен сакайгандардын жалпы саны 42 302ге жетти. 

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>