COVID-19: Бир күндө 55 адамдан илдет табылды

COVID-19: Бир күндө 55 адамдан илдет табылды

Бир күндө коронавирус 55 адамдан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрдагы брифингде  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 

Илдет жуктурган адамдар төмөнкү аймактарда:

Бишкек — 12
Ош – 1
Чүй облусу – 2
Ош облусу — 5
Талас облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 9
Жалал-Абад облусу – 11
Баткен облусу — 13

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 44458ге жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  134 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 3 медицина кызматкери бар.

Муну менен сакайгандардын жалпы саны 39 960ка жетти. 

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан адам өлүмү катталган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>