Цифралар жана фактылар: Мугалимдер күнү

Цифралар жана фактылар: Мугалимдер күнү

Билим берүү министрлиги «Мугалимдер күнүнө» карата цифралар жана фактылар боюнча маалымат жарыялады.  

Кыргызстанда  4 миңден ашуун мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары иштейт.

Алардагы  1,7 млн. тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана билим берүүнү 108 миңге жакын педагогдор камсыз кылат. Кыргызстанда жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 85 пайызын аялдар түзөт.  Республика боюнча  78 миңге жакын мугалим болсо, анын 22 миңи шаардык, 56 миңге жакын айыл жергесинде эмгектенет. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет.

2018-жылдагы статистикалык маалымат боюнча республиканын билим берүү чөйрөсүндө өлкөнүн калкынын 9 пайызга жакыны эмгектенет.

Жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө мугалимдер күнүн белгилешет, дүйнөлүк мугалимдер күнү 1994-жылы негизделген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>