Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Бишкекке келди

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Бишкекке келди

Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы Күрөштө  дүйнө чемпиону болгон  кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекке келди.

Аны  «Манас» аэропортунан күйөрмандары жана президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баш болгон бийлик өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова кыздардын эркин күрөшүнөн б2 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан.

Ал 20-сантябрда өткөн финалдык беттеште Болгариялык балбан Тайбе Мустафа Юсейнди 5:3 эсеби менен жеңип, алтын медалга ээ болгон.

https://youtu.be/mq-Zh9MfLOw?t=274

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>