Дүйнөдө банан жок калуусу мүмкүн

Дүйнөдө банан жок калуусу мүмкүн

Дүйнөдө топурактарда пайда болгон кооптуу инфекциядан улам банандар жок калуусу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Tropical Race 4 (TR4) деген аталыштагы оору XX-кылымда Азия жана Австралияда таркаган, бирок ал 2019-жылы алгачкы жолу дүйнөгө банандардын 95 пайызын экспорттогон Түштүк Америкадан дагы табылган.

Инфекциянын айынан Колумбия жана Гондураста алгачкы плантациялар жабылган.

Эксперттердин айтымында, ооруга химикаттар таасирин тийгизе албайт. Мындан улам жабыркаган дарактар жок эле дегенде 30-40 жылга түшүм алуудан четтейт. TR4 дартынан көбүнчө  дүйнөлүк сооданын 95 пайызын камтыган банандын Cavendish түрүн жабыркатат.

Жада калса дыйкандын таманындагы булганган топурактын кичинекей бөлүкчөсү да инфекцияны таратышы мүмкүн экени айтылат. Себеби оору бир сорттогоу өсүмдүктөргө тездик менен тарары айтылат.

Окумуштуулардын айтымында, жаратылышта банандардын Cavendish сыяктуу көп түшүм берген түрү кездешпейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>