Дүйнөдөгү эң бай адам космоско учууну аукционго койду

Дүйнөдөгү эң бай адам космоско учууну аукционго койду

Миллиардер Жефф Безостун Blue Origin компаниясы космоско жөнөтүү үчүн онлайн аукцион ойнотуп баштады.

Маалыматка таянсак, космоско учуу жай мезгилинин ортолоруна белгиленген.

“20-июлда New Shepard кемеси космонавттардын биринчи тобу менен учат. Онлайн аукцион аркылуу бул каттамдагы атайын дайындалган бош орунду жеңүүчүгө сунуштайбыз,- деп билдирген компаниядан.

Аукционго катышуу үчүн ар бир каалоочу 19-майга чейин Blue Origin сайтына билдирүү калтырса болот. Ошол эле учурда, катышуучулар каалаган сумманы сунуштай алышат.

Аукциондун катышуучулары жана алардын аты-жөнү 19-майда жарыяланат. Аукциондун жеңичүүсү 12-июнда аныкталат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>