Дүйнөлүк чемионат: Айсулуу Тыныбекованын финалдагы атаандашы белгилүү болду

Дүйнөлүк чемионат: Айсулуу Тыныбекованын финалдагы атаандашы белгилүү болду

Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 15-декабрда Сербияда эркин күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионатта финалга чыгат.

Ал 62 кг салмакта күч сынашып, үч ирет катары менен жеңишке жеткен. Бүгүн финалда Латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшөт. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

Григорьева 30 жашта жана карьерасын 2006-жылы Түндүк Нордика Чемпионатында жеңип алуу менен баштаган.

Чоңдордун деңгээлинде Латвиядан келген спортчу дагы жакшы жыйынтыктарга ээ. Ал Европанын төрт жолку чемпиону — 2010, 2012, 2014 жана 2016. Ошондой эле анын дүйнөлүк биринчиликтин эки коло медалы жана 2019-жылы Минск шаарында өтө турган Европа оюндарында жеңиши бар.

Белгилей кетсек, чемпионат Сербиянын борбору Белград шаарында өтүүдө. Мелдеш 18-декабрда жыйынтыкталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>