Дүрбөлөңгө түшпөгүлө! Сирена үнү айрым жерлерде жаңырбай калды

Дүрбөлөңгө түшпөгүлө! Сирена үнү айрым жерлерде жаңырбай калды

“2-октябрь күнү сирена үнү жаңырат, дүрбөлөңгө түшпөгүлө деп” бир күн мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскетүү билдирүү тараткан. Бирок саат 11:00гө белгиленген сирена үнү шаардын көпчүлүк аймактарында жаңырган жок.

Репоертер агенттигинин кабарчысы шаардын ар кайсы аймагында жашаган тааныштарына байланышып, саат 11ден тартып “сиренанын үнүн уктуңарбы?” деп сурап чыкты. Кабарчыбыз менен  сүйлөшкөндөрдүн көпчүлүгү, эч кандай сирена үнүн укпаганын билдирген.

Мындан улам биз Өзгөчө кырдаалдар минисрлигине байланышып, эмне себептен сирена үнү белгиленген убакта шаардын бардык аймагында жаңырбаганын сурадык.

“Бүгүнкү күнгө белгилеген машыгуулар өтүп жатат, сирена боюнча балким убактысы жылып калса керек, бир саат күтүп турсаңыздар жаңырат”, — деп жооп берди ӨКМдин басма сөз кызматынын өкүлү Максат Маратбеков.

Министрликтин кечээ күнү тараткан эскертүү билдирүүсүндө,  бир убакта 40 сиренанын үнү жаңырары,  тургундарды андан коркпоого, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырганы жазылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>