Дагестанда колукту үйлөнүү тоюнун алдында толкундануудан көз жумду

Дагестанда колукту үйлөнүү тоюнун алдында толкундануудан көз жумду

Дагестанда колукту үйлөнүү тоюнун алдында толкундануудан көз жумду. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазды.

Окуя Дагестандын Мургук айылында болгон. Кыз тою күнү аябай тынчсыздангандыктан, дары ичкен, бирок абалы начарлап кеткен. Келин ооруканага жаткырылып, бирок дарыгерлер ага жардам бере алышкан жок. Тергөө кызматы соттук-медициналык экспертиза дайындап, колуктунун өлүмүнүн себебин аныкташууда.

Mashgram Telegram каналы билдиргендей, 23 жаштагы келиндин аты Зареме болгон. Кыз бала кезинен бери жүрөгү ооруп келген, аны чоңойткон чоң энесине оорусу жөнүндө көп арызданган.

Тойдун алдында келин тынчсызданып, эсин жоготкон. Туугандары ага таблетка беришкен, бирок ал барган сайын начарлай берип, кан басымы кескин түшүп кеткен. Маалым болгондой, кыздын өлүмүнө инсульт себеп болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>