“Дагы эки” — Иманалиев өзү жана Жапаров тууралуу шакабалуу сүрөт жарыялады

“Дагы эки” — Иманалиев өзү жана Жапаров тууралуу шакабалуу сүрөт жарыялады

Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев өзү жана Садыр Жапаров тууралуу шакабалуу сүрөттү “Фейсбук” баракчасына жайгаштырды. 

Анда советтик сүрөтчү Фёдор Решетниковдун «Дагы эки» картинасындагы каармандардын жүзүнө Садыр Жапаровдун, Роза Отунбаеванын, Клара Сооронкулованын сүрөттөрү коюлган. 

Эки алып мектептен кайтып келип уялган окуучуга Садыр Жапаровдун сүрөтү, аны карап табалаган инисине Каныбек Иманалиевдин сүрөтү коюлган.

“Баардык дал келүүлөр кокустук, жөн гана күлүп коюңуздар”, — деп сүрөт менен кошо билдирүү жарыялаган Иманалиев.    

Белгилей кетсек, президенттик шайлоодо талапкер болуп катышып жаткан Садыр Жапаров жана Каныбек Иманалиев ЖМКлар аркылуу кайым айтышууда. Жапаров Иманалиевди “коррупционер” атаса, Иманалиев аны “президенттикке таптакыр татыксыз” деп сынга алды. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>