Дагы жамгыр жаайбы? 26-29-июлга карата аба ырайы

Дагы жамгыр жаайбы? 26-29-июлга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кургак аба-ырайы күтүлөт.

27-29-июлдарда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин жетет. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40°ка чейин жогорулайт.

25-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-июлда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-29-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 2-7 метрге жетет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>