Дарья Маслова Душанбеде алтын жеңди

Дарья Маслова Душанбеде алтын жеңди

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Душанбеде өткөн XI жарым марафондо алтын байге жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын улуттук курама командаларынын өкүлдөрү Дарья Маслова менен Адилет Кыштакбеков Душанбеде өткөн XI жарым марафондо байгелүү орундарды ээлешти. Маслова 1:12.2 секундда маарага алгачкы болуп келген. Ал эми Адилет Кыштакбеков коло мөөрөй уткан.

Мелдеш 17-апрелде Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>