Дарыга ууланып комада жаткан окуучу кыз каза тапты

Дарыга ууланып комада жаткан окуучу кыз каза тапты

Жалал-Абад шаарында апасына таарынып, кант диабетинин дарысын ичип алган окуучу кыз бейтапканадан өзүнө келбей көз жумду. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы жазды.

Маалым болгондой, өспүрүм кыз бейтапканага 29-сентябрь күнү эс-учун жоготкон абалда келген. 12 күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Окуучу кыздын апасы кант диабети менен ооругандыктан, үйүндө турган дарыны эч ким жокто ичип алган. Дарыгерлер болгон күч-аракетин жумшаган. Негизи кандын курамындагы канттын нормасы 4-5 ммоль/л болушу керек. Кызда канттын нормасы 0гө түшүп калган. Ага дары-дармектен уулануу диагнозу коюлган.

Бул окуя Жалал-Абад шаардык милициясына өзүн-өзү уулантты деп катталган.

Кыз калаадагы мектептердин биринде 8-класста окуп жаткан. 14 жашта болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>