Дарыгерлер үч ирет жүрөгү токтоп калган 17 күндүк ымыркайды сактап калышты

Дарыгерлер үч ирет жүрөгү токтоп калган 17 күндүк ымыркайды сактап калышты

Улуу Британияда 17 күндүк ымыркай сүткө какап үч жолу жүрөгү токтоп калган. Бирок аны дарыгерлердин жардамы менен куткарып калышкан. Бул тууралуу «The Sun» басылмасы жазган.

Ымыркай бөтөлкөдөн сүт ичип жатканда, какап сүттүн тамчылары өпкөсүнө туруп калган. Анын натыйжасында, ымыркайдын жүрөгү сокпой калган. Дарыгерлер аны жашап кете албайт деп, ата-энесине үмүт үзгөнгө туура келет дешкен.

Бирок дарыгерлердин божомолдоруна карабастан, баланын жүрөгү кайрадан сого баштаган.

«Берти жашоого кайтып келгени үчүн мен аябай бактылуумун. Дарыгерлер Бертини керемет ымыркай дешүүдө. Ал өзүн азыр жакшы сезип жатат», — деген ымыркайдын апасы Тоника Спенсер.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>