Дарыгерлер 83 жаштагы кемпирдин макулдугу жок психикалык абалын текшеришкен

Дарыгерлер 83 жаштагы кемпирдин макулдугу жок психикалык абалын текшеришкен

Республикалык психиатриялык саламаттык борборунун дарыгерлери бейтаптардын укуктарын бузганы үчүн жазага тартылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыйкатчыга С.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал арызында аталган борбордун психиатр дарыгерлери тарабынан 1928-жылы туулган Г.Е. атту жарандын макулдугу жок эле күбөлөндүрүү жүргүзүшкөнүн белгилеген.

Бул арыздын негизинде Акыйкатчы аппаратынын тармактык кызматынын кызматкерлери тарабынан РПСБга суроо-талап жөнөтүлүп,  аталган факты боюнча кеңири маалымат берүү суралган.

«4-октябрда РПСБдан жооп келген, анда РПСБнын 9-сентябрдагы буйругуна ылайык, кызматтык териштирүү үчүн Комиссия түзүлгөн.  Бул териштирүүнүн алкагында белгилүү болгондой, Г.Е. өзүнүн психикалык саламаттыгынын абалын күбөлөндүрүүгө макулдук бербегени тастыкталган. Ошондой эле аны  андан ары диспансердик байкоо жүргүзүү үчүн каттоого алуу маселеси көтөрүлгөн эмес жана дарыгер-психиатрлар Г.Е. диспансердик каттоого алууга муктаж деген сунуш беришкен эмес.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен “Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” мыйзам ченемдерин (жарандын макулдугусуз күбөлөндүрүү) сактабаганы жаран Г.Е ысымдуу улгайган кемпирге күбөлөндүрүү жүргүзгөнү үчүн психиатр-дарыгерлерге сөгүш жарыяланган»,- деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>