Дарыгерлер тирүү баламды алып, ордуна жансыз ымыркай беришти. Жүрөгүм сезип жатат, балам тирүү

Дарыгерлер тирүү баламды алып, ордуна жансыз ымыркай беришти. Жүрөгүм сезип жатат, балам тирүү

«Токмок шаардык төрөт үйүндө эгиз уул төрөп, бирөөсүн дене табы көтөрүлүп жатат деп дарыгерлер алып кетип, бир сааттан кийин «балаң чарчап калды» деп айтышты. Балам жакшынакай төрөлгөн», — деген келин кайрылганын укук коргоочу Рита Карасартова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Кайрылууда Токмоктогу ооруканада эгиз бала төрөп бирок, бир жарым суткадан кийин ооруп жатат деген шылтоо менен бирөөсүн алып кетишкендиги жазылат. Баласы эмнеден улам чарчап калганы тууралуу медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында ичтен өлүү төрөлгөн деген чечим чыккан.

«Балам тирүү төрөлгөн, эмчек эмип жанымда жаткан. Бизге берген бала менен менин баламдын бою, салмагы башынын түзүлүшү баары тең дал келген жок. Баарын билип, көрүп турган милиция эч кандай чара көрбөй жатышат. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Дарыгерлер менин баламды аборт кылынган балага алмаштырып салышыптыр. Сегиз айдан бери чуркап жүрөбүз, жыйынтык чыкпай койду. Менин балам бирөөнүн колунда чоңоюп жатат. Жүрөгүм сезип жатат, балам тирүү», — деп жазган кайрылуусунда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>