Дарыгерлерге кенемте төлөө үчүн 200 миллион сом бөлүнөт

Дарыгерлерге кенемте төлөө үчүн 200 миллион сом бөлүнөт

Дарыгерлерге кенемте төлөө үчүн бюджеттен 200 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, президент акча бөлүү боюнча тапшырмаларды берди.

«Мен медицина кызматкерлерине кайрылгым келет. Жакында дагы бир жолу документтериңиздерди чогултуп алабыз, аны комиссия карап чыгат. Сиздердин маселеңиз жакын арада чечилет», — деди ал.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал начарлап баратат.

«Күн сайын коронавирус инфекциясын жуктуруп алган учурлар көбөйүүдө. Кечээ 300дөн ашык учур катталган. Бүгүнкү күндө 200дөн ашык учур бар. Эң көп Бишкек шаарында жана Чүй облусунда. Эгерде профилактикалык иш-чараларды байкасак, ооруну жуктуруп алгандар азаят», — деди Улукбек Марипов.

Эске салсак, Бишкек «кызыл аймакка» коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу кирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>