Дарыканалар «Гепаринди» дагы деле кымбат баада сатууну улантууда — сүрөт

Дарыканалар «Гепаринди» дагы деле кымбат баада сатууну улантууда — сүрөт

Бишкектеги Орто-Сай базарында жайгашкан «Саян Фарм» дарыканасында «Гепарин» дагы деле кымбат баада сатылып жатканын Reporter.kg маалымат агенттигине окурман билдирди.

Анын айтуусунда, бир ампуланы 435 сомдон алган, бирок Финполдун маалыматы боюнча 300 сомдон жогору сатылбашы керек.

«Биз ызылдап дары эмне үчүн кымбат баада сатылып жатканын айттык. Фармацевт ушул суммада сатаарын гана айтты. Алар бааны эч бир жерде көрсөтпөйт же атайын товардын баасын аныктаган дүмүрчөк бербейт. Биз чек сурасак баардык дарынын суммасын бир эсептеп берип койду», — деди окурман.

Белгилей кетсек, Каржы полициясы күн сайын бааларды себепсиз көтөргөн дарыканаларга иш козгоодо.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>