Дастан Бекешев: VII-чакырылыштын депутаттары азыркыдан да алсыз болот

Дастан Бекешев: VII-чакырылыштын депутаттары азыркыдан да алсыз болот

Күздө өтө турган парламенттик шайлоодо эч ким күтпөгөн партиялар Жогорку Кеңешке келип калуусу мүмкүн. Мындай пикирин парламент депутаты Дастан Бекешев «Фейсбук» баракчасына жазды. 

Анын айтуусунда бул шайлоодо күтүүсүздүк жана акча көп нерсени чечет. 

“Саналуу күндөрдөн кийин саясий партиялар талапкерлердин тизмесин бекитет.  Эч кимисинде идеалдуу тизме болбойт. Негизи эле идеалдуу нерсе болуусу мүмкүн эмес. 

Бул шайлоонун мурункулардан айырмасы, күтүүсүздүк көп нерсени чечип, парламентке эч ким күтпөгөн партия барып калуусу мүмкүн. Бирок акча өз ишин кылат – буга чейин бир да партия акчасыз парламентке барган эмес.

Чоң партияларга чоң акчалар керек – жарнамаларга, үгүт иштерине, ЖМКларга, активисттерге, штабдагы кызматкерлерге ж.б. чыгымдар бар.  Шайлоо улам кымбаттап жатат, андыктан абройлуу бирок акчасыз адамдарга алдыңкы тизмелерге кирүүгө улам мүмкүнчүлүк азайып жатат. Аброй менен чыгымдарды жаба албайсың, андан сырткары эч ким бекер иштегиси келбейт.   

Эч кандай романтизм жок, андыктан VI-чакырылышты али жакшы сөздөр менен көп эскересиңер”, — деп жазган депутат.  

Белгилей кетсек, күзүндө Жогорку Кеңештин VII-чакырылышына шайлоо белгиленген. Ага 44 саясий партия катышуу ниетин билдирип, БШКга документтерин жиберген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>