Дене учтуу нерсе менен кесилген. Таласта күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип, жубайы кармалды

Дене учтуу нерсе менен кесилген. Таласта күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип, жубайы кармалды

Таласта күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип, жубайы кармалды. Бул тууралуу Талас облусттук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 30-январь күнү саат 06:30 чамасында Манас районунун Новодонецк айылынын тургуну  1994-ж.т. Насиридин  аттуу бети башында жаракат белгилери бар абалда жансыз өлүк денеси өзү жашаган үйүнүн короосунан табылган.

Тергөө-ыкчам тобу тарабынан окуя болгон жерге барып, жеринен кароо жүргүзгөн учурда, үйүнүн кире бериш бөлмөсүндө 1994-ж.т. Х.Н. өлүк денеси   чалкасынан жаткан. Денеде учтуу нерсе менен кесилип урулган жаракат белгилери болгон.

Аталган факт боюнча Манас РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш козголгон.

Тергөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүүнү аныктап кармашты. Кармалган шектүү маркумдун аялы болуп чыкты. Учурда шектүү Кара-Буура РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Азыркы убакта  аталган факты  боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>