Депутат өкмөттөн азык-түлүктүн баасын көзөмөлдөөнү талап кылды – видео

Депутат өкмөттөн азык-түлүктүн баасын көзөмөлдөөнү талап кылды – видео

Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн тийиштүү иштерди алып баруусу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Пархат Тулендыбаев билдирди.

Ал айыл чарбаны колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө орду эбегейсиз экенин, бул өлкөнүн азык-түлүк жаатындагы коопсуздукту камсыздоо менен тыгыз байланыштуулугун айтты.

“Өткөн жыл Кыргызстандын экономикасы үчүн абдан оор жыл болду. Өтө зарыл делген азык-түлүккө болгон баа өсүп кетти. Быйыл болсо алкоголсуз ичимдиктерге жана азык-түлүккө болгон баа 17 пайыздан ашуун кымбаттады. Эң зарыл делген азык-түлүктөрдүн ичинен өсүмдүк майы 53 пайызга, жашылча-жемиш 40-50 пайызга чейин көтөрүлдү, кой эти 34 пайызга баасы өстү. Антимонополиялык кызматтын маалыматына караганда өткөн жылдын 5 айында эле  бааларды көтөрүү боюнча 342 мыйзам бузуу катталган. Алардын айрымдарына эскертүү берилсе, айрымдарынын ишин финансы полициясына өткөрүшкөн. Азыр биз бийлик баалардын өсүшү боюнча чараларды көрүп жатканына күбө болуудабыз. Бирок баалар дагы деле туруктуу эместигин көрүп жатабыз. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда февраль айынын башында эттин баасы көтөрүлгөн. Анда уй эти 2 сомго, кой эти 6 сомго кымбаттаган. Кумшекер жана жумурткага болгон суроо-талап дагы деле круч бойдон турат. Өз убагындагы чараларды көрүү үчүн, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн өкмөт ушул багытта иш алып баруусу керек жана бул жааттагы иштин жүрүшү боюнча Жогорку Кеңешке дайым маалымат берип туруусу керек”, — деди депутат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>