Депутат чек арада жашаган элге курал берүү тууралуу мыйзам долбооруна түшүндүрмө берди

Депутат чек арада жашаган элге курал берүү тууралуу мыйзам долбооруна түшүндүрмө берди

Буга чейин Бир нече депутат чек ара аймактарында жашагандарга курал колдонууга уруксат берүүнү демилгелеп, мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Учурда бул мыйзам долбоору тууралуу социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылууда. Демилгечилердин бири болгон Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевда мыйзам долбооруна түшүндүрмө берди.

«Урматтуу достор, жакында эле депутаттар Абдывахап Нурбаев, Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жээнчороев баштаган депутаттар тобу “Чек ара ыйгарым укуктуулары” тууралуу мыйзамга өзгөртүүнү сунуштадык. Коомчулукта ар кандай пикир пайда болду, ошон үчүн муну коомдук талкуу дейт.

Ток этери, биз башкалар тарабынан кечээкидей агрессия же куралдуу жаңжал чыкса, Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мам.органдын уруксаты менен чек ара ыйгарым укуктууларга (ошол жерде жашаган) ок атуучу аскердик курал аныкталган тартипте берилиши керек деп жатабыз. Бул башка өлкө менен чектеш жашаган элдин баарына курал таратылат дегенди түшүндүрбөйт. Мыйзамга так жазып жатабыз, жылына эки иреттен кем эмес атайын окутуу болот, даярдыктан өтөт, куралды алып жүрүү жана пайдалануу боюнча адистешкен, тандалган адамдарга гана берилет. Алардын өмүрү, саламаттыгын камсыздоого мамлекет кепилдик берет. Буга чейин да чек аралаш айылдарда мурда аскерде кызмат өтөгөн же маалыматы бар адамдар биздин тиешелүү органдар менен кызматташып келген, биз алардын укуктарын кеңейтүү керек деп сунуштадык. Мындай практика башка өлкөлөрдө да колдонулат. Бул биз Баткенге барганда жергиликтүү эл менен жолуккан учурда жашоочулар тарабынан айтылган сунуш болчу.

Албетте, чек араны, жерибизди, элибизди мамлекет коргойт, сактайт, бирок биз сунуштаган долбоор да учурда зарыл болуп турат. Мыйзамды жергиликтүү тургундар менен, чек арачылар жана адистер менен кенешкен соң талкууга чыгардык. Сунуштар болсо, кабыл алабыз», — деген Жанар Акаев.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>