Депутат Маматалиев муфтийдин камалуусу боюнча: Мындай ишке кылдаттык керек

Депутат Маматалиев муфтийдин камалуусу боюнча: Мындай ишке кылдаттык керек

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин камалышы боюнча өз пикирин Фейсбугуна жазды.

Эл өкүлү мындай ишке өтө кылдаттык менен мамиле жасоо керектигин айтты.

«Муфтийдин камалуусу боюнча пикиримди билдирип коёюн деп чечтим.

Кыргызстан укуктук мамлекет. Эгерде кимдир бирөө кылмыш жасаса ал кандай гана даражада турбасын же кызматта иштебесин сөзсүз жазага тартылууга тийиш. Ар бир адам күнөөсү үчүн жооп берүүсү керек.

Ал эми муфтийдин камалуусу боюнча айтсак, мындай ишке өтө кылдаттык менен мамиле жасоо керек.

Кыргызстандын 90 пайызы мусулман калк, ушунча адамдын башында турган кишини паракорлукка айыптоо көп туура эмес иштердин башын башташы мүмкүн. Эртең динге чакырууда дагы мындан аркы аракеттер өтө оор болуп калат. Азырынча күнөөсү деле тактала элек, үй камагына чыгарып деле териштире берсе эч ким нааразы болмок эмес.

Дин чөйрөсүнө өтө назиктик менен мамиле кылуу керек деп эсептейм. Менимче укук коргоо органдары ойлонуп, үй камагына чыгарса керек деген ойдомун», — деген пикирин жазган.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Ж.Б. карата Мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий М.а.Т. «Хаджга» ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар жөнүндө далилдер алынган.

Алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 10-февралында муфтий М.а.Т. кылмышка шектүү катары кармалып жана УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>