Депутат мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун кайда жүргөнүн сурады

Депутат мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун кайда жүргөнүн сурады

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун кайда жүргөнүнө кызыкты.

Ага башкы прокурор Курманкул Зулушев “Өткүрбек Асылбекович Кыргызстанда эле болсо керек» деп жооп узатты.

Рысалиев: “УКМК. ИИМ угуп атасыңарбы кайда жүрөт, ал киши. Аны издеген киши барбы?”

Зулушев: «Азыр Өткүрбек Жамшитов жөнүндө эч кандай факты каттоо аны издөө маселеси жок, ошондуктан ал эркин жашоодо эл катары.»

Рысалиев: “Урматтуу УКМК, урматтуу прокурор, урматтуу ИИМ менде ушундай бир күмөнсүнүү болуп жатат. Өзүбүздүкү анан башканыкы деген принцип ойноп жаткан жокпу?»

Башкы прокурор ага жооп кылып, Жамшитов тууралуу факты болсо айтууну суранды.

Рысалиев керек болсо, кандай иштери бар экенин санап берүүгө даярдыгын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>