Депутат Нурбаев: Бишкек, Ош абасы кир шаарлардын катарына кирет. Кышты жеңил өткөрүүгө Өкмөт эмне иш кылууда?

Депутат Нурбаев: Бишкек, Ош абасы кир шаарлардын катарына кирет. Кышты жеңил өткөрүүгө Өкмөт эмне иш кылууда?

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер сааты өтүүдө. Анда депутат Абдывахап Нурбаев Бишкек менен Ош абасы кир шаарлардын катарына кирерин айтып, өкмөт кышты жеңил өткөрүү үчүн кандай иштерди жасап жатканы тууралуу сурады.

«Жакын арада суук түшө баштайт. Бишкек менен Ош абасы кир шаарлардын катарына кирүүдө. Ноябрь айынан баштап шаар ичинде кара түтүн башталат. Кир абадан дем алган жаш балдар, кары-картаңдар көп ооруларга дуушар болушууда. Муну Саламаттыкты сактоо министри да да мойнуна алды. 35 жаштан баштап инсульт, инфаркт оорулардын саны өсүп жатыптыр. Өкмөт буга чейин абага кир чыгарбоочу эмне иш кылды? Дагы 2 ай убакытта эмне кылат кышты жеңил өткөрүү үчүн? Ушул көйгөйдү өзүнчө тиешелүү адисттер менен карап, Жогорку Кеңешке келип отчет берсеңер», — деди Нурбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>