Депутат Турсунбаев: Оренбург шаарына Кыргыз маданий борборун куруу керек

Депутат Турсунбаев: Оренбург шаарына Кыргыз маданий борборун куруу керек

Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги жакшы иштер аткарылып жатат. Бирок мигранттардын чечилбеген көйгөйлөрү көп. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азизбек Турсунбаев билдирди.

«Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги жакшы иштер аткарылып жатат. Бирок мигранттардын чечилбеген көйгөйлөрү көп. Мага Оренбург шаарынан биздин мекендештер кайрылып, биздин балдарыбызды кыргыз тилинде окутуу, медициналык жардам көрсөтүү жана миграциялык амнистия боюнча көйгөйлөрдү чечип берүүнү суранышууда. Тактап айтканда, Оренбур шаарына Кыргыз маданий борборун куруу боюнча кайрылышты. Орусиянын чоң-чоң шаарларында Кыргызстандын консулдуктары иштеп жатат. Ал эми Оренбург шаарында консулдук жок. Бул ишти чечүүнү Өкмөт колго алып, Тышкы иштер министрлигине тапшырма берсеңер деген сунушумду айтам», — деди Турсунбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>