Депутаттар: Саламаттык сактоо министри уу коргошунду ичкенге убакыт таап, парламентке келгенге убактысы жокпу?

Депутаттар: Саламаттык сактоо министри уу коргошунду ичкенге убакыт таап, парламентке келгенге убактысы жокпу?

Саламаттык сактоо министри уу коргошунду ичкенге убакыт таап, парламентке келгенге убактысы жокпу? Мындай пикирин бүгүн, 28-апрелдеги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев айтты.

Эл өкүлү саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан кетирүү маселесин кароону сунуштады.

«Министр 24 саат иштеп жатам деп жатат. Бул жакка келип отчёт берсин. Биз өзүбүз дагы күнөлүүбүз. Бул жактан Конституцияны өткөрүп алып, министрлер парламентти сыйлабай калышты. Керек болсо ал кээ бир депутаттарга чалып алып кыйкырып жатат. Мен силерди мындай-тигиндей кылам деп. Аны жумуштан кетирүү маселесин карап көрөлү», — деди Бекешев.

Дастан Бекешевди улай эле депутат Тазабек Икрамов дагы саламаттык сактоо министринин парламенттин жыйынына келбегенин сынга алды.

«Бир ай мурда саламаттыкты сактоо министри вакцина, коронавирустун жаңы түрү боюнча түшүндүрмө берсин деген маселени көтөргөм. Ал комитет жыйынына дагы келген жок. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына келсин дегенбиз бул сунушубуз да өткөн жок. Бул жерде отурган депутаттарды сыйлоо керек. Туура, аны президент колдоп жатыптыр. Бирок Жогорку Кеңешти сыйлабайбы?», — деди эл өкүлү Икрамов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>