“Дордой” АФК Кубогунда Салымбековдун үмүтүн актай алабы?

“Дордой” АФК Кубогунда Салымбековдун үмүтүн актай алабы?

Бүгүн, 17-майда футбол боюнча “Дордой” командасы АФК кубогунун тайпалык баскычында өзүнүн алгачкы беттешин өткөрөт.

Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, Бишкектин командасы түркмөндүн “Ахал” клубу менен беттешет.

Эң алгач эле “Дордой” бүгүн беттеше турган “Ахал” клубу менен оюнун эске алсак, анда сары-көктөрдүн машыктыруучусу Александр Крестинининдин командасын 2018-жылы АФК Кубогунун тайпалык баскычына “Ахал” клубу чыгарган эмес. Эки оюндан турган алгачкы баскычта түркмөндүк клуб алгач 1:3кө утуп, Балканабадда 2:2 эсебинде тең чыккан. Ал сезондо Крестининдин жаңы гана машыктыруучу болуп келгенин эске алсак, анда ал сезондогу ийгиликсиз оюндары түшүнүктүү.

Бул жылы орусиялык адистин “Дордойду” машыктырып жатканына төрт жыл болот. Мисал катары алсак, 2017-жылы тигилген бактар өз түшүмдөрүн берип баштады, ал эми мөмө бербегендери кыйылып кетти. Демек, бул жылы “Дордойдон” чоң ийгиликти күтүп турган Аскар Салымбеков командасы менен башкы машыктыруучусунун дараметин текшерип, алардан чоң ийгилик күтүп турган учур.

Пандемия күчөп турган 2020-жылды алсак, анда “Дордой” АФК Кубогунда өлкөнүн жана өзүнүн атын татыктуу коргой алмак. Себеби, бир топ сапаттуу жана беттештин жүрүшүн өзгөртө ала турган оюнчалар бар болчу.

2021-жылдагы сезондун башында, “Дордой” Жоел Кожо, Азамат Өмүралиев, Айзар Акматовдорду катарына кошуп, өткөн жылы кеткен оюнчулардын ордун толуктап баштаганы эл аралык мелдештерден чоң үмүт жараткан. Аны менен катар жаш оюнчулар Баяман Кумарбай уулу, Эрназ Абилов, Кирилл Крестининдер менен толукталып командада атаандаштык азайып кетти.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Football club «Dordoi» ?? (@fcdordoi)

“Дордойдун” курамы өткөн жылга салыштырмалуу жашарып, ошол эле учурда тажрыйбасын жоготту. Себеби командадан кеткен Эржан Токотаевдин ордун баса турган Кыргызстанда жаш дарбазачы жок. Эрнист Батырканов сыяктуу алмашууга чыгып бир эмес, бир нече гол киргизе турган супер алмашуучу форвард жок. Ошондой эле Антон Землянухин сыяктуу чоң оюндарда лидерликти өз колуна ала турган оюнчулары саналуу гана калды. Эдгар Бернхард сыяктуу жарым талаада туруктуулукту сактап бере ала турган оюнчулар келген жок.

Албетте, Жоел Кожо “Дордойго” өткөндөн бери жаракат алып өз дараметин көрсөтө элек. Бирок толук калыбына келгенден кийин деле мыкты оюн көрсөтүп, алмашууга чыгарганда Батырканов сыяктуу туруктуу гол киргизет деп айткандан алыспыз. Ал эми Азамат Өмүралиевге команданын ички атаандаштыгын жеңүү кыйынга турат. Себеби “Дордойдо” алмашууда отурган Гүлжигит Бөрүбаев, Авазбек Откеев жана башка бир топ Өмүралиевдин деңгээлинде, айрым учурларда андан жакшы оюн көрсөтө ала турган футболчулар бар. Ал эми “Илбирстен” өткөн оюнчулардын ар бири командага учурда толук 90 мүнөт жардам бере албайт. Себеби, оюнчулар жаш жана 90 мүнөт толугу менен туруктуу оюн көрсөтүүсү күмөн.

Мындан сырткары, Кайрат Жыргалбек уулунун оюнга катыша албаганы (четтетилген), жаркат алган Максим Шило, Андрей Долженконун коргоону бөлүгүндө жоктугу жана Мустафа Юсупов, Азиз Сыдыковдун, Бекжан Сагынбаевдердин жаңы гана калыбына келгени команданын оюнуна өзүнүн терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Football club «Dordoi» ?? (@fcdordoi)

Ошол эле учурда “Дордойдойго” бул жылы тайпасында Борбор Азиянын лидерлери эмес, ыңгайлуу болгон атаандаштар “Ахал” менен “Равшан” түштү. Кыргызстандын 12 жолку чемпиондорунда кийинки баскычка чыгууга мындан мыкты мүмкүнчүлүк болбосо керек.

Бул жылы команданын капитаны Мирлан Мурзаев өзүнүн лидерлик сапатын көрсөтүү менен командалык оюнга басым жасап, жаш оюнчуларга голдук топторду ашырып берүү менен аларга үлгү болууда. Ал эми Абай Боколеев бул жылы “Дордойдун” чабуулунда чоң күч экенин тастыктады. Фархат Мусабеков менен Турсунали Рустамов жогорку деңгээлде туруктуу оюн көрсөтүүдө. Эң негизгиси Айзар Акматов Кыргыз Премьер-лигасында кетирген катачылыктарга 17чи жана 20-майдагы оюндарда жол бербеши керек. Ошондой эле Александ Мишенко менен Магомед Узденовдон дагы жоопкерчиликтүү оюн керек. Себеби бул сезондо «Дордойдун» чабуулдагы эмес, коргоонудагы оюнчулары көр кооптондурууда.

Анын үстүнө, “Дордой” соңку ирет 2006-2007-жылдары АФК Президдентинин кубогун эки ирет утуп, командадан көпчүлүк күйөрмандар үмүт артып, “Дордойдун” эң ийгиликтүү жылдары болгон. Демек 14 жылдан соң АФК Кубогунда ийгилик жаратуу Аскар Салымбековдун Кыргыз футболун колдоосуна дагы чоң түрткү берет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>