ДССУ: дүйнөдө COVID-19 жуктургандардын саны бир жумада 55% көбөйдү

ДССУ: дүйнөдө COVID-19 жуктургандардын саны бир жумада 55% көбөйдү

Акыркы бир жуманын ичинде дүйнөдө COVID-19 15 миллиондон ашык кишиге жукту. Бул коронавирус пандемиясы башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) сайтындагы маалыматка ылайык, мурдагы жумага салыштырмалуу акыркы аптада вирус жуктургандардын саны 55% көбөйгөн. Ошол эле маалда каза болгондордун саны дээрлик өзгөргөн эмес.

Маалыматка караганда, коронавирус жуктургандар Африкадан башка бардык аймактарда көбөйгөн. Түштүк-Чыгыш Азияда өткөн жумада COVID-19 жуктургандар 40% көбөйгөн.

Ошол эле маалда коронавирустан каза болгондор Африка (84%) менен Америкада (26%) көбөйсө, Европада 10%, Түштүк-Чыгыш Азияда 6% азайган. Акыркы бир жуманын ичинде дүйнө жүзү боюнча COVID-19дан жалпысынан 43 миңден ашык киши өлгөн.

Коронавирус жуктургандардын санынын кескин көбөйүшү Түштүк Африка республикасында табылган «омикрон» штаммынын жыйылуусуна байланыштуу. Ал COVID-19дун башка штаммдарына караганда бир топ жугуштуу экени айтылууда.

ДССУнун европалык бюросунун божомолуна ылайык, жакынкы 6-8 жуманын ичинде коронавирустун жаңы штаммы Европа калкынын жарымынан көбүнө жугушу мүмкүн.

Күн мурун АКШда бир сутканын ичинде коронавирус 1 миллион 350 миң кишиден табылган. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>