Дүйнөлүк оюн: Айпери Медет кызы алтын үчүн күрөшөт

Дүйнөлүк оюн: Айпери Медет кызы алтын үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде финалга чыкты.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмакта күч сынашып жаткан Медет кызы алгачкы атаандашы Эквадордун балбаны Генесис Валдести да, чейрек финалда күрөшкөн индиялык спортчу Бипаша Бипашаны да 4:0 эсебинде далысын килемге басып утуп, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда АКШдан келген балбан кыз Килие Рене Велкерди 8:0 эсебинде жеңип алды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>