Эбола вирусуна байланыштуу эл аралык чукул кырдаал жарыяланды

Эбола вирусуна байланыштуу эл аралык чукул кырдаал жарыяланды

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конго Демократиялык Республикасында  жайылган эбола вирусуна байланыштуу эл аралык чукул кырдаал жарыялады. Бул тууралуу уюмдун башкы директору Тедрос Адханомго шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, июль айында Конгонун Руанда жана Уганда мамлекеттерине чек аралаш аймактарында вирусту жуктурган 2 адам каза болгон.

Коопту вирус Конго Демократиялык Республикасынын өзүндө соңку бир жылда 1676 адамдын өмүрүн алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>