Екатеринбургдагы кыргыздар менен тажиктердин мушташынын себеби айтылды

Екатеринбургдагы кыргыздар менен тажиктердин мушташынын себеби айтылды

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Екатеринбург шаарындагы кыргыз жана тажик улутундагы жаштардын ортосунда болгон мушташ эмнеден келип чыкканы тууралуу маалымат таратты.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңжалдын чыгышына кыргыз кызга тажик балдардын тийишкендиги себеп болгон.

Мушташка эки тараптан 15тен ашык адам катышып, жайынтыгында бир нече адам ар кандай жаракаттарды алган.

Орусиянын аймактык милиция бөлүмдөрүндө бул факты расмий катталып, азыркы учурда полициянын кезметтери күчөтүлүп, кайгулдоо жүргүзүлүүдө.

Болуп өткөн жаңжалдан кийин “WhatsApp” аркылуу тажиктер кыргыз баланы өлтүрүп салды деген маалымат тарап, тажиктерден өч алуу үчүн кыргыздарды чогулууга үндөгөн чакырыктар жайылган.

Мындан улам жакынкы күндөрү массалык кагылышууну  болтурбоо үчүн “Урал Элдеринин үйү” коомдук уюмунун имаратында кыргыздар менен тажиктердин коомдук уюмдарынын мүчөлөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>