Екатеринбургдан Бишкекке 229 кыргыз жараны жеткирилди

Екатеринбургдан Бишкекке 229 кыргыз жараны жеткирилди

30-июлда Орусиянын Екатеринбург шаарынан кыргызстандыктарды алып келген учак “Манас” аэропортуна келип конду.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, «Урал аба жолдору» авиа компаниясынын чартердик рейси менен 229 кыргыз жараны учуп келген.

Орусиядан кайткандардын тизмеси атайын комиссия  тарабынан жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде түзүлгөн.

Кайтып келгендер Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Магнитогорск, Салехард, Ханты-Мансийск жана Пермдеги жаранда, студенттер, төрөтү жакындап калган жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарын жоготкондор болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>