Екатеринбургдун тургуну энесинин өлүгү менен батиринде 1 жыл чогу жашаган

Екатеринбургдун тургуну энесинин өлүгү менен батиринде 1 жыл чогу жашаган

Екатеринбургдун тургуну 1 жыл энесинин өлүгүн батирде сактаган. Бул тууралуу Орусиянын “Комсомольская правда” басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Екатеринбург шаарынын Ильич көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жашоочулары 85 жаштагы коңшусу көчөгө чыкпай, көрүнбөй калганына байланыштуу полицияга кайрылып издөө жарыялашкан.  Укук коргоо органдары аталган аялдын батирин тинтүүгө алганда үй ээсинин мумияланган денеси табылган.  Ал батирде аял менен кошо 35 жаштагы баласы да чогу жашап келген. Ал каза болгон апасынын сөөгүн жерге бербей, көз жумганын эч кимге айтпай жүрө берген. 

Аялдын денесин тийиштүү экспертизалардан өткөргөндө өз ажалы менен өлгөндүгү, болжолдуу бир жыл мурун каза болгону аныкталган.

Ошондой эле 1 жыл батирде энесинин өлүгү менен чогу жашап жүрө берген адам оорулуу экени, жыт сезбей сүйлөбөй калганы белгилүү болгон.    

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>