Экологиялык катастрофа: 500 миң литр нефт океанга куюлду (ФОТО)

Экологиялык катастрофа: 500 миң литр нефт океанга куюлду (ФОТО)

Тынч океанга Калифорния тарабынан 500 миң литр нефти төгүлдү. Бул туурасында Известия жазды.

Андагы маалыматтарга караганда, Хантингтон-Бич шаарынан нефти ташуучу түтүк жарылып Тынч океанга куюлду. Ушул тапта суу жаныбарлары, балыктарды сактап калуу аракеттерин көрүүдө. Жүздөгөн адистер суудан нефтини бөлүп, тазалоо аракеттерин көрүшүүдө. Суу жээгине эс алууга тыюу салынды. Айрым жерлерде техника нефтини суудан бөлө албай калууда. Ошол себептен кол менен бөлгөнгө аракет жасашууда. Кээ бир учурларда пластик баштыктар менен ташып жатат.

Жергиликтүү бийлик бул соңку жылдагы эң катастрофа деп баалады. Экологияга терс таасир берген кырсык катары бааланып, бийликтегилерге кырдаалдан тезирээк чыгуу аракетин көрүү сунушталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>