Экономика министри: Коррупция менен күрөшүү үчүн ККМди киргизүү зарыл

Экономика министри: Коррупция менен күрөшүү үчүн ККМди киргизүү зарыл

Кыргызстанда көмүскө сооданы ачыкка чыгарып, жемкорлукту азайтуу үчүн көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү зарыл. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев Өкмөт үйүнүн алдына жаңы Салык кодексине каршы чыккан ишкерлер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, жаңы кодекс элге каршы багытталган эмес, ачыктыкты камсыз кылып, коррупцияны жоюу максатын көздөйт.

«Азыр элибиз коррупцияны жок кылып, ачык-айкындыкты талап кылып жатпайбы. Көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү — дал ушул коррупция менен күрөшүү үчүн. Бул аппарат коюлган соң салык кызматкери базарга барып, соодагер менен карым-катнаш кылып, акча суроого муктаждык болбойт. Ачык-айкын бир борбордон гана башкарууга шарт түзүлөт»,-деди министр.

Амангелдиев Салык кодексинин жаңы редакциясы боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөрүн кошумчалады. Ал соодагерлер менен сүйлөшкөндөн кийин суроо жараткан айрым жагдайлар такталарын билдирди.

Кыргызстанда 2022-жылдан тарта жаңы Салык кодекси ишке киргени турат. Анын алкагында, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субьекттеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү чечими кабыл алынган. Буга чейин кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы өлкө ири базарлардын соодагерлери, ишкерлер каршылык акцияларын өткөрүүдө.

27-декабрда Өкмөт үйүнүн алдына чыккан айрым ишкерлер жаңы Салык кодексин чакыртып алуу боюнча өкмөткө эки күндүк мөөнөт берерин билдиришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>