Экс-депутат: Светтин баасын түшүрсө болот

Экс-депутат: Светтин баасын түшүрсө болот

Электр жарыгына болгон бааны түшүрсө болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин экс-депутаты, коомдук ишмер Мамытбай Салымбеков социалдык тармак аркылуу билдирген.

Анын айтымында, энергетика тармагындагы үч мекемени кыскартуу керек.

“Светтин баасын түшүрсө болот. Энергетикада үч өзүнчө мекеме бар анын баарын бир эле мекеме кылып, Кыргыз респуликасынын энергетикасы деп атап экөөнү жоюп салса, ага коротулган чыгымдар, алардын киреше, налогу, дагы көп чыгымдары үнөм болот.

Мунун баары акционердик коом, баары дивидент алып, элдин бюджетинен кредитин алып, белчеге мамлекетти карызга батырып олтурат. Эч бир энергетикага сарыпталган акчага бирөөсү да жооп бербей светтин баасын жогорулатып, элдин терисин сыйрып жатат.

Кыргыз энергетикасы деп бир ишкана ачып, алар энергетикага алган каражатты акцинердик коомго төлөтүп, анан жоюп салыш керек. Ошондо гана өздүк нарк 36 тыйын болот”, — деген мурдагы депутат.

Белгилей кетсек, 22-апрелде өткөн маалымат жыйында Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев электр энергиясына болгон баанын кымбатоосун себебин жана жаңы тарифтери кандайча эсептелгенин айтып берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>