Экс-премьер Жоомарт Оторбаевга сот өкүм чыгарды

Экс-премьер Жоомарт Оторбаевга сот өкүм чыгарды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2021-жылдын 30-декабрында мурдагы өкмөт башчыга өкүм чыгарганын, бүгүн, 11-январь күнү билдирди.
Маалыматка караганда, Жоомарт Оторбаевге Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин пайдасына 300 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу түрүндөгү жаза белгиленди.

Ал 2021-жылдын сентябрь айында кармалган. Андан эки ай өткөн соң бөгөт чарасы өзгөрүп, үй камагына чыккан.

2014-2015-жылдары премьер-министр болуп иштеген. Улуттук коопсуздук комитети Оторбаевди премьер-министр кезинде «мыйзамдын талаптарын бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын «кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген» деп айыптаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>